> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алтынды сатуунун төмөндөшүнөн улам, экспорт 23%га азайды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/29/altyndy-satuunun-t-m-nd-sh-n-n-ulam-eksport-23-ga-azajdy/
- Published: 2022-12-29T10:46:32.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:34:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**28-декабрда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин отчеттук жыйынында өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.**

Амангелдиев КРнын тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41%га көбөйгөнүн, анын ичинде импорттун көлөмү 76.4%га өскөнүн, ал эми экспорт **23.1%га** азайганын билдирди. 

> “КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 3 823 млн долларды түзүп, 39.2%га өстү, анын ичинде, экспорт 1 261 млн долларды түздү (өсүү 1.9 эсе болду), импорт – 2 562 млн долларды түздү (22.9%га өскөн). 
> 
> КРнын экспортунун жалпы көлөмү алтындын экспортунун төмөндөшүнүн эсебинен кыскарган, алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү дээрлик 1.7 эсеге көбөйүп, 1 860 млн долларды түздү”, – деди министр. 

Ошондой эле ал 2022-жылдын жыйынтыгы менен КРнын экономикасынын өнүгүүсү ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында жогорку деңгээлде болуусу болжолдонуп жатканын белгиледи.