> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент: консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчү кийинки жылы 500 млрд сомдон жогору болот
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/29/prezident-konsolidaciyalangan-bjudzhettin-k-rs-tk-ch-kijinki-zhyly-500-mlrd-somdon-zhogoru-bolot/
- Published: 2022-12-29T09:30:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.**

Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент 2022-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРнын ИДПсы 781.4 млрд сомду түзүп, 7%га өсүш камсыздалганын билдирди.

> “Финансы министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчүн 400 млрд сомдон ашырып жаап жатабыз. Кийинки жылы болсо, билесиздер, **500 млрд сомдон жогору болот** деген амбициялуу максат койгонбуз.

2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттардын өздөштүрүлүшү 32.2 млрд сомду, же алгач бекитилген бюджеттин 90.3 пайызды, такталган бюджеттке салыштырмалуу 95.7%ды түздү. Бул көрсөткүч акыркы 8 жылдагы мамлекеттик инвестициялардын аткарылышындагы эң жогорку көрсөткүчү катары катталууда. Өткөн жылдарга салыштырсак, 2013-2021-жылдарда мамлекеттик инвестициялардын өздөштүрүлүшү орто эсеп менен бекитилген бюджеттин 68%ын гана түзчү.

> Он жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялардын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү — 2013-жылдагы 17.4 млрд сомдон 2022-жылы 32.2 млрд сомго чейин, же болжолдонгон 2022-жылдын ИДПнын 4%ын, 2022-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын 17.2%ын түздү”, – деди ал.

Ошондой эле ал 2022-жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабастан, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатканын да кошумчалады.