> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч жылдын ичинде комбанктардын депозиттик базасы 173.3 млрд сомго көбөйдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/10/ch-zhyldyn-ichinde-kombanktardyn-depozittik-bazasy-173-3-mlrd-somgo-k-b-jd/
- Published: 2023-01-10T09:24:16.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:40:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын ноябрь айынын аягында коммерциялык банктардын депозиттик базасы 327 млрд сомдон ашты. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери ал 173.3 млрд сомго өскөн.**

Отчеттук мезгилде **чет өлкө валютасындагы депозиттер** дээрлик үч эсеге өстү: 2020-жылдын январындагы 59.1 млрд сом болсо, 2022-жылдын ноябрында ал **153.8 млрд сомго** чейин жетти.

**Улуттук валютадагы депозиттер** дээрлик эки эсеге – 99.7 млрд сомдон **173.1 млрд сомго** чейин өстү.

Сомдук салымдардын пайыздык чендери дээрлик өзгөргөн жок жана ал орточо 5.7% деңгээлинде калган. Чет өлкө валютасындагы депозиттердин орточо пайыздык чендери 1.1%дан 0.6%га чейин төмөндөгөн.