> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кыргызстан электр энергиясын 2.5 эсеге көп импорттоду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/11/2022-zhyly-kyrgyzstan-elektr-energiyasyn-2-5-esege-k-p-importtodu/
- Published: 2023-01-11T10:47:21.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:56:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 11 айында Кыргызстан мурдагы жылга салыштырмалуу электр энергиясын 2.5 эсеге көп импорттогон. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборунун маалыматында айтылат.**

КЭЭБнын айлык отчетуна ылайык, 2022-жылдын январь-ноябрында электр энергиясын импорттоо Казакстан менен өз ара алмашууну эсепке албаганда эки жарым эсеге, дээрлик 2.6 млрд кВт/саатка чейин өскөн. 

**Өткөн жылы Кыргызстан үч өлкөдөн электр энергиясын сатып алды:**

- Өзбекстандан — 1.3 млрд кВт.с
- Түркмөнстандан — 795 млн кВт.с
- Казакстандан — 470 млн кВт.с. (дагы 220 млн кВт/с өз ара алмашууну эсепке албаганда).

> Белгилей кетсек, Кыргызстан түндүк коңшусу менен энергетикалык мамилесинде электр энергиясын номиналдуу импорттоодон аны чоң көлөмдө импорттоого өткөн. 2021-жылы КР Казакстандан болгону 744 миң кВт/с сатып алган болчу.