2022-жылы Кыргызстан электр энергиясын 2.5 эсеге көп импорттоду

2022-жылдын 11 айында Кыргызстан мурдагы жылга салыштырмалуу электр энергиясын 2.5 эсеге көп импорттогон. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборунун маалыматында айтылат.

КЭЭБнын айлык отчетуна ылайык, 2022-жылдын январь-ноябрында электр энергиясын импорттоо Казакстан менен өз ара алмашууну эсепке албаганда эки жарым эсеге, дээрлик 2.6 млрд кВт/саатка чейин өскөн.

Өткөн жылы Кыргызстан үч өлкөдөн электр энергиясын сатып алды:

  • Өзбекстандан — 1.3 млрд кВт.с
  • Түркмөнстандан — 795 млн кВт.с
  • Казакстандан — 470 млн кВт.с. (дагы 220 млн кВт/с өз ара алмашууну эсепке албаганда).

Белгилей кетсек, Кыргызстан түндүк коңшусу менен энергетикалык мамилесинде электр энергиясын номиналдуу импорттоодон аны чоң көлөмдө импорттоого өткөн. 2021-жылы КР Казакстандан болгону 744 миң кВт/с сатып алган болчу.