> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Россиядан КРга которулган акчанын көлөмү 5.7%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/11/2022-zhyly-rossiyadan-krga-kotorulgan-akchanyn-k-l-m-5-7-ga-st/
- Published: 2023-01-11T10:00:27.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:56:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Россиядан Кыргызстанга 2.6 млрд доллардан ашык акча которулду. Ал эми 2021-жылдын ушул эле мезгилинде болсо өлкөгө болгону 2.4 млрд доллар түшкөнүн Улуттук банк билдирди.**

Мындан тышкары, Улуу Британиядан накталай которулган акча 1 млн доллардан (2021-жыл) 5 млн долларга чейин, Германиядан 860 миң доллардан 4.1 млн долларга чейин жана АКШдан келген акча 39.4 млн доллардан 50 млн долларга чейин көбөйгөн.

Жалпысынан бул мезгилде акча которуулардын **көлөмү 2.7 млрд доллардан** ашса, 2021-жылы келген акча 2.5 млрд долларды түзгөн.