> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2022-жылы жашоо минимуму 7 миң сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/13/kyrgyzstanda-2022-zhyly-zhashoo-minimumu-7-mi-somdu-t-zd/
- Published: 2023-01-13T16:30:55.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:32:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы киши башына жашоо минимуму 7178 сомду түздү. Бул тууралуу 13-январда Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиришти.**

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр 2021-жылга салыштырмалуу 14.5%га жогорулады. Бул азык-түлүк товарларынын бааларынын тынымсыз өсүшүнө байланыштуу болгон.

> «2022-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8025 сомду түздү. Пенсия курагындагы калк үчүн 6395 сом, балдар үчүн 6099 сом», – деп белгилешти Улутстаткомдун өкүлдөрү.

2022-жылы жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда белгиленип, айына 7731 сомду түзгөн, бул республикадагы бүт көрсөткүчтөн 553 сомго же 7.7%га көп. Талас облусунда жашоо минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчү 6731 сомду түзүп, 446 сомго же 11%га төмөн болгон.