> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы алтын куймаларын Улуттук банктан канчадан сатып алса болот?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/17/2023-zhyly-altyn-kujmalaryn-uluttuk-banktan-kanchadan-satyp-alsa-bolot/
- Published: 2023-01-17T12:05:56.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:56:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк аффинаждалган алтындын трой унциясын (31.1034768 граммга барабар) 169.4 миң сомдон сатууда. Бир жылдын ичинде куйманын наркы 6.9 миң сомго кымбаттады.**

Үстүбүздөгү жылдын 13-январына карата көзөмөл органы **100 граммдык** алтын куймаларын **523.7 миң сомдон** сатууда. Белгилей кетсек, бир жыл мурун Улуттук банк бул куймаларды 542.3 миң сомдон сатып алган болчу.

Салмагы азыраак өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы өтө деле кымбаттаган жок.

- **10 граммдык** куймалар азыр 54.7 миң сомдон сатылууда. Былтыры алар 53 миң сомдон болчу.
- **5 граммдык** куймалары 27 миң 838 сомдон бааланууда.
- **2 граммдык** куймалар 11.9 миң сомдон сатылууда.
- **1 грамм** салмактагы куймалар 6 миң 615 сомдон сатылууда. Өткөн жылдын ушул мезгилинде алар 6478 сомдон сатылган.

Ал эми **10 кг алтын** куймалары кыргызстандыктарды кызыктырбаганы байкалат, анткени Улуттук банк 2022-жылы мындай салмактагы бир дагы куйма саткан эмес.

Азыр дагы регулятор алтын куймаларын сатууну улантууда. Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу боюнча актуалдуу маалымат Улуттук банктын [расмий сайтында](https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=3547&lang=KGZ) жайгаштырылган.

---

***Кошумча окуңуз:***

[Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди](http://localhost/info-portal/news/2022/09/16/uluttuk-bank-altyn-kujmalaryn-kfbnyn-sooda-ayantynda-satykka-chygarganyn-rasmij-bildirdi/)

[Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?](http://localhost/info-portal/news/2022/02/01/uluttuk-bank-12-kg-altyn-kujmalaryn-satyp-bashtady-bir-kujmasy-kancha-turat/)

[Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты](http://localhost/info-portal/news/2022/08/10/zhyl-bashynan-beri-kyrgyzstandyktar-uluttuk-banktan-deerlik-223-kg-altyn-satyp-alyshty/)