> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы «Кумтөрдөн» 17 тонна алтын алдык - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/20/2022-zhyly-kumt-rd-n-17-tonna-altyn-aldyk-akylbek-zhaparov/
- Published: 2023-01-20T11:50:21.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:56:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бюджетке тоо-кен тармагынан 48.3 млрд сом киреше түштү. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.** 

Жапаровдун айтымында, тоо-кен тармагынан **48.3 млрд сом** киреше кирди, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки жарым эседен ашык (2019-жылы 13 млрд сом). 

> «2021-жылы «Кумтөрдөн» 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17.2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. 
> 
> Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», – деди Жапаров.

---

[КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты](http://localhost/info-portal/news/2022/12/23/kr-altyndy-baege-london-birzhasynyn-baasy-menen-al-emi-t-rkiyaga-6-ese-arzan-satty/)

[Өнөр жай өндүрүшү Кумтөрдүн эсебинен 14%га өстү](http://localhost/info-portal/news/2022/12/12/n-r-zhaj-nd-r-sh-kumt-rd-n-esebinen-14-ga-st/)

[Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат — Садыр Жапаров](http://localhost/info-portal/news/2022/11/28/kyrgyzstandyn-uluttuk-bankynda-40-tonnaga-zhakyn-kumt-r-altyny-saktalyp-turat-sadyr-zhaparov/)

[Бийлик жакынкы үч жылда Кумтөрдөн 41 млрд сом түшөт деп күтүүдө](http://localhost/info-portal/news/2022/11/21/bijlik-zhakynky-ch-zhylda-kumt-rd-n-41-mlrd-som-t-sh-t-dep-k-t-d/)