2022-жылы «Кумтөрдөн» 17 тонна алтын алдык - Акылбек Жапаров
Бюджетке тоо-кен тармагынан 48.3 млрд сом киреше түштү. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Жапаровдун айтымында, тоо-кен тармагынан 48.3 млрд сом киреше кирди, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки жарым эседен ашык (2019-жылы 13 млрд сом).
«2021-жылы «Кумтөрдөн» 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17.2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда.
Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», – деди Жапаров.
КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты
Өнөр жай өндүрүшү Кумтөрдүн эсебинен 14%га өстү
Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат — Садыр Жапаров
Бийлик жакынкы үч жылда Кумтөрдөн 41 млрд сом түшөт деп күтүүдө