> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифи да өзүн өзү актабай жатканын билдирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/24/ministrler-kabineti-ich-ch-suunun-tarifi-da-z-n-z-aktabaj-zhatkanyn-bildirdi/
- Published: 2023-01-24T09:21:03.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда электр энергиясы эле эмес, ичүүчү суунун тарифи да абдан арзан болуп, ал өзүн өзү актабай жатканын Фейсбук баракчасында билдирди.**

Анын [айтымында](https://www.facebook.com/bakyt.torobaev/posts/pfbid0SBECiYEM6emAnY8AKd8XXVSUY39LVhdo9ZjLE8k4rwMFU9vGUCRB9tY1AyGwu99Sl), өлкөдөгү ирригациялык тутумдун иши дагы олутуу кайра жаңыртууга муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абал көрсөткөндөй муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. 

> “Анткени, **ичүүчү сууга болгон тарифтин төмөндүгүнөн өзүн-өзү актоодо кыйынчылык жаралууда**. Атап айтканда, суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну **5 сом 38 тыйын төлөйт,** ал эми анын **өздүк наркы 7 сом 70 тыйын**. 
> 
> 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет”, – деди ал. 

Ошондой эле Төрөбаев министрлер кабинети кийинки жылы бул көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иш алып бара тургандыгын, ал үчүн ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштар, жоболор, укуктук документтер даярдаларын кошумчалады.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-24-at-09.29.00.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-24-at-09.29.00.png)