Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт - Монополияга каршы орган билдирди

Жакынкы бир айдын ичинде Кыргызстанда бензин 5-6 сомго арзандашы керек. Мындай божомолду Монополияга каршы мамлекеттик орган билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь айынан тарта бензиндин дүң баасынын төмөндөө тенденциясы байкалган, бул чекене соода тармагындагы баага таасир этиши керек.

«Кийинки бир айдын ичинде баалар рыноктун негизги катышуучулары тарабынан 5-6 сомго чейин төмөндөтүлөт. Бул күйүүчү-майлоочу майдын 1-1.5 айлык запасын эске алуу менен болжолдонууда», – деп билдирди кызматтан.

Ошол эле учурда аталган кызмат бензиндин баасы арзандаганы менен дизелдик отундун баасынын өсүү темпи жогору экенин белгиледи. Андыктан дизель майынын баасынын төмөндөшү күтүлбөйт.

Монополияга каршы мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде бааны турукташтыруу жана бензинге жана дизелдик отунга болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын билдирди.