> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1.7 млрд долларлык 84 документке кол коюлду - Экономика министрлиги Кыргыз-Өзбек бизнес форумун жыйынтыгын айтты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/01/27/1-7-mlrd-dollarlyk-84-dokumentke-kol-kojuldu-ekonomika-ministrligi-kyrgyz-zbek-biznes-forumun-zhyjyntyktady/
- Published: 2023-01-27T11:20:38.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:02:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз-Өзбек бизнес форумунун алкагында 1 млрд 670 млн долларды түзгөн 84 эки тараптуу документтин тизмесине кол коюлганын маалымат жыйында билдирди.**

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын алкагында 1 млрд 670 млн долларды түзгөн 84 эки тараптуу документтин тизмесине кол коюлган, анын ичинде: 

- 300.3 млн долларга 29 инвестициялык келишим
- 1 155.6 млн долларга 52 экспорттук келишим
- 223.0 млн долларга 3 импорттук келишим болгон.

> “Мындан тышкары, эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтери Агроөнөр жай комплексинде кызматташуу боюнча Жол картасын бекитишти, анын ичинде 7 инвестициялык долбоор (55.5 млн доллар) жана 3 соода келишимдери (373 млн доллар). Ошондой эле Кыргызстанга жаңы жана кургатылган мөмө-жемиштер менен жашылчаларды жеткирүүгө, кыргыз картошкасын, бодо малды жана майда малды аларга сатууга келишимдер түзүлдү”, – деди ал.

---

[Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси](http://localhost/info-portal/biznes/2023/01/26/kyrgyz-zbek-biznes-forumunda-168-mln-dollarlyk-kelishimderge-kol-kojuldu-tizmesi/)

[КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда](http://localhost/info-portal/news/2023/01/26/kr-menen-zbekstandyn-zhyldyk-sooda-zh-g-rt-s-540-mln-dollar-2-mlrd-dollarga-zhetkir-plandaluuda/)

[СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады](http://localhost/info-portal/news/2023/01/26/s-p-kyrgyz-zbek-biznes-forumunda-ishkerlerge-zholtoo-bolup-zhatkan-toskoolduktardy-atady/)

[Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров](http://localhost/info-portal/news/2023/01/26/zbek-kompaniyalaryna-bizdin-lk-d-chakan-zhana-orto-gesterdi-kuruunu-sunushtajbyz-akylbek-zhaparov/)