1.7 млрд долларлык 84 документке кол коюлду - Экономика министрлиги Кыргыз-Өзбек бизнес форумун жыйынтыгын айтты
Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз-Өзбек бизнес форумунун алкагында 1 млрд 670 млн долларды түзгөн 84 эки тараптуу документтин тизмесине кол коюлганын маалымат жыйында билдирди.
Кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында 1 млрд 670 млн долларды түзгөн 84 эки тараптуу документтин тизмесине кол коюлган, анын ичинде:
- 300.3 млн долларга 29 инвестициялык келишим
- 1 155.6 млн долларга 52 экспорттук келишим
- 223.0 млн долларга 3 импорттук келишим болгон.
“Мындан тышкары, эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтери Агроөнөр жай комплексинде кызматташуу боюнча Жол картасын бекитишти, анын ичинде 7 инвестициялык долбоор (55.5 млн доллар) жана 3 соода келишимдери (373 млн доллар). Ошондой эле Кыргызстанга жаңы жана кургатылган мөмө-жемиштер менен жашылчаларды жеткирүүгө, кыргыз картошкасын, бодо малды жана майда малды аларга сатууга келишимдер түзүлдү”, – деди ал.
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров