Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300 млрд сомду түздү

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 300 млрд сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу жалпы кирешелер 43.2%га же 90.7 млрд сомго өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2022-жылы салыктык кирешелердин көлөмү 229 млрд сомду түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 77.8 млрд сомго же 51.4%га өскөн.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 74.3 млрд сомду түздү. Өткөн жылга салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 27.4 млрд сомго, же 58.5 %га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 154.7 млрд сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 50.4 млрд сомго же 48.3%га өстү.

Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 52.1 млрд сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөр 15.9%га же 7.2 млрд сомго өстү. Салыктардын өсүшү мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерден, ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акыдан жана жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдөн, айыптардан жана дагы башка салыктык эмес түшүүлөрдөн байкалган.

Расмий гранттардын түшүүлөрү 19.5 млрд.  сомду түздү. Мурдагы жылга салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 41.9%га же 5.8 млрд. сомго өскөн.