> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Кытайдан келген импорттук товарлардын баасы  3.6 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/02/08/tk-n-zhyly-kytajdan-kelgen-importtuk-tovarlardyn-baasy-3-6-mlrd-dollardy-t-zd/
- Published: 2023-02-08T09:24:31.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:40:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 млн доллар, импорт – 3 млрд 626 млн долларга жеткен. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат.** 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушту.

Ду Дэвень кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

> “Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр”, – деди ал. 

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин – 219 млн 701 миң долларды түзгөн. 

> “Ошондой эле, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат”, – деди Төрөбаев.