> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын кайсы банкы акча алмаштыруудан эң көп киреше тапты? Рейтинг - 2022
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/02/09/kyrgyzstandyn-kajsy-banky-akcha-almashtyruudan-e-k-p-kireshe-tapty-rejting-2022/
- Published: 2023-02-09T11:33:13.000Z
- Updated: 2023-05-04T06:50:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын коммерциялык банктары 2022-жылы валюталык операциялардан рекорддук киреше алышты. [Economist.kg](https://kg.economist.kg/) финансы институттарынын ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, алардын кирешеси 687%га — 3.5 млрд сомдон (2021) 27.8 млрд сомго чейин өскөнүн аныктады.**

Алдыңкы үч лидерге төмөнкү банктар кирди:

- «Бакай банк» — 5.1 млрд сом (+1508%);
- «Айыл банк» — 4.6 млрд сом (+2304%);
- КБ «Кыргызстан» — 4.3 млрд сом (+904%).

2021-жылы «Оптима Банк» 1-орунда болуп, алган пайдасы 503 млн сом болсо, отчеттук мезгилде банк 2.3 млрд сом киреше алып, 4-орунду ээледи. ТОП-5ти «Демир Банк» 1.8 млрд сом (+414%) кирешеси менен жапты.

Ошондой эле «Кыргызкоммерцбанк» мыкты көрсөткүчтөрдү берип, анын кирешеси мурдагы жылдагы 26 млн сомдон айырмаланып (2258% өсүш), 613 млн сомго жеткен. Кыргыз-Швейцария банкы 2021-жылы 33 млн сом алган болсо, өткөн жылы анын кирешеси (+2061%) 713 млн сомду түздү.

Эң төмөн көрсөткүчтөр төмөнкү банктарда болду:

- «Аманбанк» — 57 млн сом
- «Банк Толубай» — 6 млн сом
- Пакистандын улуттук банкынын филиалы – эч кандай пайда көргөн жок.