Кыргызстандын кайсы банкы акча алмаштыруудан эң көп киреше тапты? Рейтинг - 2022

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2022-жылы валюталык операциялардан рекорддук киреше алышты. Economist.kg финансы институттарынын ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, алардын кирешеси 687%га — 3.5 млрд сомдон (2021) 27.8 млрд сомго чейин өскөнүн аныктады.

Алдыңкы үч лидерге төмөнкү банктар кирди:

  • «Бакай банк» — 5.1 млрд сом (+1508%);
  • «Айыл банк» — 4.6 млрд сом (+2304%);
  • КБ «Кыргызстан» — 4.3 млрд сом (+904%).

2021-жылы «Оптима Банк» 1-орунда болуп, алган пайдасы 503 млн сом болсо, отчеттук мезгилде банк 2.3 млрд сом киреше алып, 4-орунду ээледи. ТОП-5ти «Демир Банк» 1.8 млрд сом (+414%) кирешеси менен жапты.

Ошондой эле «Кыргызкоммерцбанк» мыкты көрсөткүчтөрдү берип, анын кирешеси мурдагы жылдагы 26 млн сомдон айырмаланып (2258% өсүш), 613 млн сомго жеткен. Кыргыз-Швейцария банкы 2021-жылы 33 млн сом алган болсо, өткөн жылы анын кирешеси (+2061%) 713 млн сомду түздү.

Эң төмөн көрсөткүчтөр төмөнкү банктарда болду:

  • «Аманбанк» — 57 млн сом
  • «Банк Толубай» — 6 млн сом
  • Пакистандын улуттук банкынын филиалы – эч кандай пайда көргөн жок.