Өткөн жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан

2022-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде:

  • өнөр жайына берилген кредиттер – 13.7 млрд сомду түзгөн (1.1%га азаюу менен)
  • айыл чарбасына берилген кредиттер – 37.1 млрд сомду түзгөн (11.7%га өсүү менен)
  • соода чөйрөсүнө кредиттер – 56.2 млрд сомду түзгөн (9.6%га өсүү менен)
  • курулушка берилген кредиттер – 12.9 млрд сомду түзгөн (4.5%га азаюу менен)
  • ипотекага берилген кредиттер – 24.4 млрд сомду түзгөн (22.2%га өсүү менен)
  • керектөө үчүн берилген кредиттер – 33.1 млрд сомду түзгөн (48.9%га өсүү менен)
  • жана башкалар боюнча берилген кредиттер – 26.8 млрд сомду түзгөн (3.9%га азаюу менен).