> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИДПсы жакынкы эки жылда жылына 7%дан өсөт - ЕРӨБдүн божомолу
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/02/17/kyrgyzstandyn-idpsy-zhakynky-eki-zhylda-zhylyna-7-dan-s-t-er-bd-n-bozhomolu/
- Published: 2023-02-17T17:13:43.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2023-2024-жылдарга карата өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү боюнча болжолун жаңылады. ЕРӨБ берген маалыматтарды жана корутундуларды карай турган болсок, Кыргызстандын экономикасы орто мөөнөттүү келечекте жогорку өсүш темптерин сактап кала алат.**

ЕРӨБ 2023-жылы Борбор Азиядагы өндүрүш 4.9% өсөт деп болжолдоодо. Ал эми 2024-жылы өндүрүштүн өсүшү 5.4% га чейин жогорулашы күтүлүүдө, бул пландаштырылган инфраструктуралык инвестициялардын, товарлардын жогорку баасына жана жогорку квалификациялуу адистердин жана бүтүндөй бизнестин Россиядан Борбордук Азияга көчүрүлүшүнө байланыштуу болмокчу.

> ЕРӨБ Кыргызстандын ИДПсы 2023-жылы 7%га өсүп, 2024-жылы 7.2%га чейин тездейт деп болжолдоодо. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын экономикасы жакынкы эки жылда азыраак өсүш көрсөтөт. Ал эми Монголия менен Тажикстандын экономикалары, тескерисинче, өсүү темпи боюнча КРны оозуп өтөт.

---

[Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты](http://localhost/info-portal/news/2023/02/16/ekonomika-ministrligi-idpny-1-trln-somdon-ashyruu-planyn-ajtty/)

[2022-жылы ИДП 919 млрд сомдон ашты — 7%га өстү](http://localhost/info-portal/news/2023/01/13/2022-zhyly-idp-919-mlrd-somdon-ashty/)

[3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору](http://localhost/info-portal/ekonomika/2023/01/10/3-5-dan-7-ga-chejin-2023-zhylga-kyrgyzstandyn-idpsy-bojuncha-el-aralyk-instituttardyn-bozhomoldoru/)