> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/02/24/kyrgyzstandyn-n-r-zhajy-tk-n-zhyly-11-4-ga-st-eaebdegi-e-mykty-k-rs-tk-ch-boldu/
- Published: 2023-02-24T10:10:45.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү дээрлик 426 млрд сомду түзүп, 11.4%га өстү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч болду. Мындай маалыматтарды ЕЭК берди.**

Бирок жакшы көрсөткүчтөргө карабастан, Кыргызстандын үлүшүнө ЕАЭБтин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн **0.3% гана** туура келет. Армения бир аз көбүрөөк – 0.4%, Казакстан менен Белоруссия 6.4% жана 3.9%, ал эми Россияныкы 89%ды ээлейт.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы ээлеген (64.3%), тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу 27.4%ды түзгөн.

КРнын өнөр жай өндүрүшү 5.1 млрд доллардан, Арменияныкы – 6.2 млрд доллар, Белоруссияныкы – 64.7 млрд доллар, Казакстандыкы – 104.2 млрд доллар, Россияныкы – 1.4 трлн доллардан ашты.