Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду

2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү дээрлик 426 млрд сомду түзүп, 11.4%га өстү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч болду. Мындай маалыматтарды ЕЭК берди.

Бирок жакшы көрсөткүчтөргө карабастан, Кыргызстандын үлүшүнө ЕАЭБтин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 0.3% гана туура келет. Армения бир аз көбүрөөк – 0.4%, Казакстан менен Белоруссия 6.4% жана 3.9%, ал эми Россияныкы 89%ды ээлейт.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы ээлеген (64.3%), тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу 27.4%ды түзгөн.

КРнын өнөр жай өндүрүшү 5.1 млрд доллардан, Арменияныкы – 6.2 млрд доллар, Белоруссияныкы – 64.7 млрд доллар, Казакстандыкы – 104.2 млрд доллар, Россияныкы – 1.4 трлн доллардан ашты.