> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан өткөн жылы алтынды эң көп Гонконгго сатты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/02/25/kyrgyzstan-tk-n-zhyly-altyndy-e-k-p-gonkonggo-satty/
- Published: 2023-02-25T11:42:47.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:32:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Өткөн жылы Гонконг кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болуп калды. Тагыраак айтканда, алар Кыргызстандан 202 килограммдан ашык баалуу металлды импорттогон. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин жылдык отчетунда берилди.**

Мекеменин маалыматы боюнча, кыргыз алтынынын Гонконгго сатылган жалпы баасы 11 млн 979.3 миң долларды түзгөн. Бул бир граммы орточо 59.3 доллардан бааланган.

> Белгилей кетсек, Гонконгго алтын сатуу боюнча маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин жылдык отчетунда гана айтылды. Демек, бул сатуулар декабрь айында жүргүзүлгөн болушу мүмкүн деген тыянакка келүүгө болот.

Кыргызстандын алтынын импорттоо боюнча **Түркия экинчи орунда** турат. Өткөн жылы бул өлкөгө дээрлик 83.5 кг, тагыраак айтканда, дээрлик 790 миң долларга же граммы 9.5 доллардан экспорттолгон.

Былтыр Кыргызстандан алтын сатып алган **үчүнчү өлкө Бириккен Араб Эмираттары** болгон. Алар дээрлик беш кг баалуу металлдын граммын 59.2 доллардан сатып алышкан.

Жалпысынан Кыргызстан былтыр бул үч мамлекетке **290.5 кг алтын** экспорттогон. Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда башка металл сатып алуучулар тууралуу маалымат жок.

---

[«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат](http://localhost/info-portal/news/2023/01/31/kumt-r-bul-zhyly-14-tonna-altyn-chygaruunu-plandap-zhatat/)

[Алтындын басымдуу бөлүгү өткөн жылы Түркияга сатылган](http://localhost/info-portal/news/2023/01/20/altyndyn-basymduu-b-l-g-tk-n-zhyly-t-rkiyaga-satylgan/)

[2023-жылы алтын куймаларын Улуттук банктан канчадан сатып алса болот?](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/2023-zhyly-altyn-kujmalaryn-uluttuk-banktan-kanchadan-satyp-alsa-bolot/)