Кыргызстан өткөн жылы алтынды эң көп Гонконгго сатты
Өткөн жылы Гонконг кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болуп калды. Тагыраак айтканда, алар Кыргызстандан 202 килограммдан ашык баалуу металлды импорттогон. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин жылдык отчетунда берилди.
Мекеменин маалыматы боюнча, кыргыз алтынынын Гонконгго сатылган жалпы баасы 11 млн 979.3 миң долларды түзгөн. Бул бир граммы орточо 59.3 доллардан бааланган.
Белгилей кетсек, Гонконгго алтын сатуу боюнча маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин жылдык отчетунда гана айтылды. Демек, бул сатуулар декабрь айында жүргүзүлгөн болушу мүмкүн деген тыянакка келүүгө болот.
Кыргызстандын алтынын импорттоо боюнча Түркия экинчи орунда турат. Өткөн жылы бул өлкөгө дээрлик 83.5 кг, тагыраак айтканда, дээрлик 790 миң долларга же граммы 9.5 доллардан экспорттолгон.
Былтыр Кыргызстандан алтын сатып алган үчүнчү өлкө Бириккен Араб Эмираттары болгон. Алар дээрлик беш кг баалуу металлдын граммын 59.2 доллардан сатып алышкан.
Жалпысынан Кыргызстан былтыр бул үч мамлекетке 290.5 кг алтын экспорттогон. Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда башка металл сатып алуучулар тууралуу маалымат жок.
«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат
Алтындын басымдуу бөлүгү өткөн жылы Түркияга сатылган
2023-жылы алтын куймаларын Улуттук банктан канчадан сатып алса болот?