> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 242 жакыр үй-бүлө социалдык келишим түзүп, үч жылга жөлөк пулдан ажырайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/10/batkiendie-242-zhakyr-ui-bulo-sotsialdyk-kielishim-tuzup-uch-zhylgha-zholok-puldan-azhyrait/
- Published: 2023-04-10T08:55:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:34:03.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда кирешеси жетишсиз 242 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.**

Мекеменин маалыматы боюнча, убактылуу комиссия жакыр үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун карап чыгып, тандоо жүргүзгөн. Анын курамына жергиликтүү администрациянын социалдык маселелер боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Баткен эмгек башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Жыйынтыгында комиссия 242 жакыр үй-бүлөнүн долбоорлорун жактырган.

Эске сала кетсек, социалдык келишимде 100 миң сом каражат каралган. Өз бизнесин ачуу үчүн каражат алуу үчүн үй-бүлөлөр үч жыл бою «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунан баш тартышы керек. Ошондой эле долбоордун катышуучулары салыктан бошотулган эмес, бардык ишкерлер сыяктуу эле ЖИ катары катталып, патент сатып алышы керек.