Баткенде 242 жакыр үй-бүлө социалдык келишим түзүп, үч жылга жөлөк пулдан ажырайт

Баткен облусунда кирешеси жетишсиз 242 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, убактылуу комиссия жакыр үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун карап чыгып, тандоо жүргүзгөн. Анын курамына жергиликтүү администрациянын социалдык маселелер боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Баткен эмгек башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Жыйынтыгында комиссия 242 жакыр үй-бүлөнүн долбоорлорун жактырган.

Эске сала кетсек, социалдык келишимде 100 миң сом каражат каралган. Өз бизнесин ачуу үчүн каражат алуу үчүн үй-бүлөлөр үч жыл бою «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунан баш тартышы керек. Ошондой эле долбоордун катышуучулары салыктан бошотулган эмес, бардык ишкерлер сыяктуу эле ЖИ катары катталып, патент сатып алышы керек.