> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/10/bishkiektie-batirlierdin-izhara-akysy-tomondoi-bashtady-ekspiert/
- Published: 2023-04-10T08:59:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:56.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте батирлерди ижарага алуунун орточо айлык баасы март айында төмөндөй баштаган. Мындай маалыматты Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы House.kg кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү онлайн-платформасынын аналитиктери билдирди.**

2022-жылы бир катар факторлор Бишкек шаарында ижара акысынын олуттуу өсүшүнө алып келген. [House.kg](https://www.house.kg/) сайтынын аналитика бөлүмүнүн маалыматы боюнча, алардын эң негизгилери:

- инфляциянын өсүшү;
- калктын ички миграциясына байланыштуу августтун аягында-сентябрдын башында баанын сезондук өсүшү;
- Россияда мобилизация жарыялангандан кийин көчүп келгендердин толкуну.

Ижарага болгон суроо-талаптын өсүшүнө Бишкектин калкынын саны көбөйүп, ал эми жеткиликтүү үйлөрдүн азайышы түрткү болуп жатканын белгилей кетүү керек, анткени **үй-бүлөлөрдүн кирешелери кыймылсыз мүлктүн бааларынын өсүшүн кууп жете албай келбейт.**

![](https://kg.economist.kg/wp-content/uploads/2023/04/image_2023-04-06_15-22-21.png)

Натыйжада, суроо-талаптын өсүшүнөн пайдаланып, ижарачылар ижара акысын улам көтөрүп келишкен.

> «Орточо айлык ижара акысынын эң жогорку баасы чарчы метрине **11.62 долларга жеткен,** бул биз байкап келген бүткүл тарыхтагы абсолюттук рекорд. Ошол эле учурда акыркы 3-4 айдын ичинде россиялыктар башка өлкөлөргө кетип же өз мекенине кайтып жатышкандыктан ижара акысы мурдагы өсүш темпине кайтып, төмөндөө баштаган. 2023-жылдын март айында бир чарчы метрди ижарага алуунун орточо айлык баасы **9.48 долларды** түздү», — деди [house.kg](https://www.house.kg/) компаниясынын башкы директору **Тилек Ешеналиев** Economist.kg-ге берген комментарийинде.

House.kg сайтынын маалыматы боюнча, **турак жайды сатуу** баасына токтолсок, сунушка караганда суроо-талап дайыма көбүрөөк болгондуктан, баалар туруктуу динамика менен өсүүдө.

![](https://kg.economist.kg/wp-content/uploads/2023/04/image_2023-04-06_15-23-36.png)