> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/11/iaponiia-batkienghie-5-3-mln-dollargha-zhol-tiekhnikasyn-satyp-bieriet-al-kielierki-zhyldyn-mai-aiynda-kieliet/
- Published: 2023-04-11T09:21:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:12:11.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) 5.3 млн долларлык гранттык жабдуулар Баткенге 2024-жылдын май айында келет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди.**

Басылманын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети минкаб менен JICAнын ортосундагы «Баткен облусунун автожолдорун тейлөө боюнча техниканы жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну жактырды.

> Документке ылайык, жапон тарап 53 даана атайын техника, майдалоочу жабдууларды сатып алып, жалпы суммасы 5.3 млн долларга асфальт-бетон заводун куруп, Кыргызстанга өткөрүп берет.

Депутат Таалайбек Масабиров техника Баткен облусуна кийинки жылдын май айында келерин билдирди. Маселени карап чыгып, парламентарийлер бул долбоорду дароо үч окуудан өткөрүп, колдоп беришти.