> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда I кварталда баалар 3.2%га өстү – Улутстатком
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/11/kyrghyzstanda-i-kvartalda-baalar-3-2-gha-ostu-ulutstatkom/
- Published: 2023-04-11T09:21:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:48.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 3.2%ды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.**

Белгиленгендей, азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 3.6%га, азык-түлүк эмес товарлардын баалары — 2.1%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баалары — 4.7%га өсүп, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 2.6%га кымбаттады. Өлкөнүн бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталган – Нарында баалар 6.1%га көтөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылы жылдык инфляция 14.7%ды түзгөн.