Кыргызстанда I кварталда баалар 3.2%га өстү – Улутстатком

Быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 3.2%ды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Белгиленгендей, азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 3.6%га, азык-түлүк эмес товарлардын баалары — 2.1%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баалары — 4.7%га өсүп, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 2.6%га кымбаттады. Өлкөнүн бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталган – Нарында баалар 6.1%га көтөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылы жылдык инфляция 14.7%ды түзгөн.