Кыргызстандан алыскы чет өлкөгө акча которуу жыл ичинде 21 эсе өскөн

Кыргызстандан алыскы чет өлкөлөргө акча которуулар бир жыл ичинде 21 эсеге — 0.7 млн доллардан 15 млн долларга чейин өскөн. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген.

Ошондой эле быйыл февраль айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 49.5 млн доллар которгон. Быйылкы жылдын январь айына салыштырмалуу Кыргызстандын тургундары февраль айында накталай төлөм системасы аркылуу чет өлкөгө дээрлик 15% аз акча которгон.

Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу акчанын сыртка агылышы, тескерисинче, дээрлик 17%га өскөн. Анда акча которуу системалары аркылуу өлкөдөн 41.1 млн доллар которулган эле.

Каражаттын дээрлик 69%ы Россияга — 34.3 млн доллардан ашык, Түркияга 30% — 15 млн долларга жакыны которулган.

Ал эми Кыргызстандан алыскы чет өлкөлөргө которуулар бир жыл ичинде 21 эсеге — 0.7 млн доллардан 15 млн долларга чейин өскөн.