> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК акы төлөнүүчү жолдор жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/12/zhk-aky-tolonuuchu-zholdor-zhonundo-myizam-dolboorun-uchunchu-okuuda-kabyl-aldy/
- Published: 2023-04-12T09:55:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:26.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында депутаттар «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап чыгышты, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.**

Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду түзүү, уюштуруу жана пайдалануу, ошондой эле аларды курууга, реконструкциялоого жана башкарууга инвесторлорду кызыктыруу каралган.

Талкуу учурунда депутаттар аймактардын ички жолдорун өнүктүрүү, республикалык маанидеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо маселелерин көтөрүштү.