> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки жылдан кийин Кыргызстанда ар бир төртүнчү жумуртка өлкө ичинде чыгарылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/13/eki-zhyldan-kiiin-kyrghyzstanda-ar-bir-tortunchu-zhumurtka-olko-ichindie-chygharylat/
- Published: 2023-04-13T10:30:00.000Z
- Updated: 2023-05-04T07:14:33.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2025-жылы Кыргызстанда ар бир төртүнчү тоок жумурткасы ата-мекендик фермаларда өндүрүлөт. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бакма канаттуулар фермасынын ишке кириши мындай көрсөткүчкө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) билдирди.**

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жаңы бакма канаттуулар фермасы эки жылдын ичинде жумуртканын санын 132 миңге жеткирип, ошону менен жыл сайын 40 млн даана жумуртка өндүрөт. Бул Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун бул көрсөткүч боюнча 26%га чейин көтөрөт.

> «Бул канаттуулар фермасын ишке киргизүү менен Кыргызстандын жумуртка импортуна болгон көз карандылыгы 7%га кыскарат. Бүгүнкү күндө өлкөдө тооктун жумурткасы боюнча азык-түлүк коопсуздугу 19%га жабылды», — деди ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Кошумчалай кетсек, «Жар-птица» чарбасы Чүй облусунда канаттуулар фермасын курган. Бирок аны ишке киргизүү жана тоют базасын алуу үчүн чарба фондго жардам сурап кайрылган. Бул долбоордун баасы 1.2 млн долларды түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114958.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114936.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114918.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114856.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114831.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114813.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114742.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114720.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/IMG_20230413_114649.png)