Кыргызстанда азырынча автоунаа чыгарылбайт – таштанды ташыгыч, чиркегич жана арабалар гана жасалат
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы автоунаа өндүрүшү 1.3 млрд сомдон ашкан. Economist.kg сайты өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча отчетто «Автоунаа жана башка унааларды чыгаруу» категориясына кайсы унаалар кирерин ведомстводон тактап сурады.
Эске салсак, көптөгөн басылмалар, анын ичинде Economist.kg февраль айында Улутстаткомдун маалыматына таянып, Кыргызстанда акыркы жылда автоунаалардын өндүрүшү үчтөн бир бөлүккө өскөнүн жазган эле. Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда автоунаа өндүрүшү 1.3 млрд сом же 15 млн доллардан ашкан. Өндүрүш 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 30%га өскөн. Кыргызстанда кандай унаалар чыгып жатканын билүү үчүн бул отчет боюнча Улуттук статистикалык комитетке расмий суроо-талап жөнөттүк.
«КРнын «Экономикалык иштин түрлөрү» аталган мамлекеттик классификаторуна (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы токтому менен бекитилген 3-версия) ылайык, «Автотранспорт каражаттарын өндүрүү» бөлүмү эки бөлүккө бөлүнөт: «Автоунаа өндүрүшү» жана «Башка транспорт каражаттарын өндүрүү»», — деп жооп берди Улутстатком.
«Автоунаа өндүрүшү» аталган биринчи бөлүк — жүргүнчүлөрдү же жүк ташуу учун автотранспорт каражаттарын, чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди чыгарууну камтыйт.
Бул бөлүмдө 2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- адистештирилген транспорт каражаттарын өндүрүү — таштанды ташыгычтар;
- башка чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди жасоо — трактордук чиркегичтер;
- автотранспорт каражаттарынын тетиктери — чиркегичтер үчүн тетик, такталар;
- радиаторлор жана алардын тетиктери.
Экинчи бөлүк — «Башка транспорт каражаттарын өндүрүү» — бул бөлүккө мотоциклдерди, велосипеддерди жана алардын тетиктерин, балдар коляскаларын жана алардын тетиктерин, кол арабаларды, жүк ташуучу арабаларды жана ушул сыяктууларды жасоо кирет.
«2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча отчетто бул бөлүмдө: кол араба жана кол арабаларды өндүрүү көрсөтүлгөн», — деп белгилейт статистикалык кызмат.
Демек, Кыргызстанда автоунаалар толугу менен өндүрүлбөйт, былтыркы жылды айтсак, таштанды ташуучу унаалар, чиркегичтер, кол арабалар гана болгон экен.
Эске салсак, быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан жылына үч миң автоунаа чыгара турган биргелешкен автозаводду ишке киргизүүнү пландап жатышат.