Германиянын Knauf компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө гипс чыгаруучу завод курат

Дүйнөгө белгилүү курулуш материалдарын өндүрүүчү Германиянын Кнауф компании Кыргызстанда гипс завод куруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагын тандап алды. Бул тууралуу Германиянын Knauf компаниясынын КМШ боюнча ыйгарым укуктуу директору Александр Блюмгардт минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдайт өкмөттүнбасма с кызматы.

Блюмгардт Кыргызстан инвестициия тартууга даяр экенин, ошондой эле курулуш тармаги, өзгөчө курулуш материалдарын өндүрүү абдан кызыктырганын билдирди.

«Бизрынту изилдеп, курулуш материалдарын чыгаруучу заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аны өлкөнүн түштүгүндө курууну чечтик. Азыр ал жердеги гипс кендерин изилдеп жатабыз. Заводдун курулушу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет», — деди Кнауф компаниясынын жакшылү.

Бакыт Төрөбаев өз кезегинде германиялык ишкерлер сунуштаган Кыргызстандын аймагында автотранспортук тейлөө борборун куруу боюнча долбоор колдоого алынарын билдирди.

Ошондой элегериялык ишкерлер менен жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сертификациялоочу лабораторияны түзүү жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.