Кумтөрдүн акцияларынын ээси алмашат — минкаб

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын акцияларынын 100% мамлекеттин менчигине өткөрүп берилет. Чечим минкабдын жыйынында кабыл алынды.

Такталгандай, ишканада азыркы учурда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда, алардын долбоордук компаниясы катары «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКты аныктоо болжолдонот, ушуга байланыштуу компаниянын акцияларына тикелей мамлекеттик ээлик кылуу зарылдыгы келип чыкты.

Ошентип, бул чечим менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын акционери болуп калат.