Түштүк Корея Кочкорго чакан гэс курууга жардам берет
Корея Республикасынын Ганвон-до Инже округунун жана Түштүк Кореянын экология министрлигинин, эко корпорациясынын кызматкерлери Кочкор районунда ГЭС курула турган аймактарды жана айыл чарба жерлерин көрүштү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Делегацияны Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов кабыл алып, кызматташуунун мындан аркы пландары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Иш сапардын алкагында Кочкор районуна чакан ГЭСтерди куруу жана айыл чарбасында тажрыйба алмашуу боюнча райондун акими Э.Омошев менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Меймандар Кореядан ала келген картошканын үрөнүн тапшырышты.