> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар депозиттер боюнча компенсациянын көлөмүн 1 млн сомго чейин көбөйтүүнү колдооду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/04/28/untitled-14/
- Published: 2023-04-28T03:11:11.000Z
- Updated: 2023-05-22T13:00:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин жыйынында «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинети тарабынан демиленген бул мыйзам долбоору банкроттук жагдайларга байланыштуу коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-кредиттик компанияларынын аманатчыларынын депозиттери боюнча компенсациянын көлөмүн 200 миң сомдон 1 млн сомго чейин көбөйтүүгө багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.