> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тышкы карызды тейлөөгө 3 айдын ичинде 9 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/02/untitled/
- Published: 2023-05-02T04:50:05.000Z
- Updated: 2023-05-22T12:58:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

2023-жылдын январь–март айларында КР мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен 9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттын ичинен тышкы карызга 6.1 млрд сом сарпталган. Ички карызга 2.9 млрд сом.

2023-жылдын 1-кварталында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (ГКВ жана ГКО) КРдин республикалык бюджетине иш жүзүндө 3.01 млрд сом келип түшкөн.

Анын ичинен:

- ГКВ жайгаштыруунун эсебинен – 10,8 млн. сом,
- ГКО жайгаштыруунун эсебинен – 3 млрд сом келип түшкөн.