> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кара-Балта спирт заводунун кирешеси 114 млн сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/04/2022-zhyly-kara-balta-spirt-zavodunun-kirieshiesi-114-mln-somdu-tuzdu/
- Published: 2023-05-04T08:00:33.000Z
- Updated: 2023-05-04T13:02:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын кирешеси 114 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду билдирди.**

Маалыматка ылайык, комбинат жумушчуларына 38 млн 473 миң сом карызы бар болчу.

2022-жылдын октябрында заводго экинчи өмүр берилди. Жаңы директор дайындалып, оптималдаштыруу планы түзүлдү. Ошентип, ишкана 2022-жылдан киреше менен чыкты.

2020-жылы ишкананын чыгымы 38 млн 186 миң сомду түзгөн, 2021-жылы – 41 млн 357 миң сом.