> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун июнга чейин бүткөрүүнү көздөйт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/04/transport-ministrlighi-balykchy-tamchy-cholpon-ata-korumdu-unaa-zholun-iiungha-chieiin-butkoruunu-kozdoit/
- Published: 2023-05-04T05:35:30.000Z
- Updated: 2023-05-22T13:08:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы 1-июнга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.**

Учурда Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгында (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгырга чейинки аралыгы) жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жерине 103 атайын техника жана 175 адам тартылып, жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүткөрүү аракети көрүлүүдө.