> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө унааларды кураштыруу заводу курулат – кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/12/chuido-unaalardy-kurashtyruu-zavodu-kurulat-kubattuulughu-zhylyna-10-min-avtounaany-tuzot/
- Published: 2023-05-12T04:20:13.000Z
- Updated: 2023-05-23T04:16:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Чүй облусундагы Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводу курулат. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты.

> «Мунун далили катары мына бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор», - деди Жапаров.

Заводду КРнын аймагында куруу боюнча макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин 2023-жылдын январында КРна болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген. Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт жана 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/645cff6a16bf9-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/645cff6a63a96-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/645cff6cc6997-thumb.jpg)