> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөр I-кварталда бюджетти дээрлик 3 млрд сомго толуктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/12/kumtor-i-kvartalda-biudzhietti-deerlik-3-mlrd-somgho-toluktady/
- Published: 2023-05-12T07:00:30.000Z
- Updated: 2023-05-23T04:38:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын I-кварталында Кумтөрдөн бюджетке 2.9 млрд сомдон ашык каражат которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Которулган каражаттардын басымдуу бөлүгү – 2.8 млрд сом – алтын өндүрүүчү компаниянын дүң кирешесине салык. Ошондой эле, Кумтөр Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө 132 млн сомдон ашык салым кошкон.

Эске салсак, ушул эле мезгилде алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешесине салыктын жалпы суммасы 2 млрд сомдон бир аз ашты.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кыргызстандын бюджетине 32.1 млрд сом салыктарды, Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которгон.