> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачылышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/12/untitled-39/
- Published: 2023-05-12T04:03:15.000Z
- Updated: 2023-05-23T04:17:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

> «Жакын арада Кытайга мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары жана минкаб төрагасынын иш сапары болоору күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем», – деди Төрөбаев.