> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/13/kyrghyzstandyn-ipdsy-4-4-gha-koboidu/
- Published: 2023-05-13T08:05:16.000Z
- Updated: 2023-05-23T04:36:11.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү.

2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19.3%), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18.4%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16.3%), фармацевтикалык продукциялардын (12.9%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,.5%), негизги металлдардын (1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12.7%) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4.6% көбөйдү.