> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын I-кварталында Кытай менен Швейцарияга $50 млн өлчөмүндө алтын сатылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/22/untitled-68/
- Published: 2023-05-22T08:15:50.000Z
- Updated: 2023-05-22T08:15:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын I-кварталында Кыргызстандан 822 кг 137.4 грамм алтын экспорттолуп, жалпы суммасы $50.3 млн жеткен.Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.**

Мекеменин маалыматы боюнча, Швейцарияга жеткирүүнүн жалпы баасы 654 кг 255 грамм үчүн $40 млн 597 миң түзгөн. Ошондой эле, алтындын Кытайга (Гонконг) жеткирүүнүн жалпы баасы 167 кг 882 грамм үчүн $9 млн 698 миң түздү.

Эске салсак, былтыр Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстандан 2905 кг алтын экспорттолгон. Биринчи орунда Кытай (Гонконг) – 2020 кг, Түркия экинчи орунда – 834 кг, ал эми БАЭ үчүнчүдө – 49 кг.