> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлерге 37 млн евро өлчөмүндөгү узак мөөнөттүү насыялар берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/23/untitled-31/
- Published: 2023-05-23T05:00:37.000Z
- Updated: 2023-05-23T05:00:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Фермерлерге жана бизнеске улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга мүмкүн пайда болду. Каржылоо «Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырлары, 2-фаза» долбоорун алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, Немис өнүктүрүү банкы (KFW) Кыргызстанга 10 млн евро өлчөмүндө грант берет. Мындан тышкары, Европа өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 22 млн евро өлчөмүндө кредиттик линия бөлөт.

5 млн евро Борбор Азия үчүн Инвестициялык фондунан (учурда APIF - Азия-Тынч океан инвестициялык фонду деп аталат), агрардык-финансы секторун колдоого, фермерлерге жана агробизнестерге жабдууларды жаңыртуу жана заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланат.