> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда дыйкандар үчүн жер салыгын көбөйтүүнү сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/24/untitled-75/
- Published: 2023-05-24T04:40:25.000Z
- Updated: 2023-05-24T13:02:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандык дыйкандар үчүн жер салыгы көбөйтүүлү мүмкүн. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев көтөрүп чыкты. Тиешелүү мыйзамдын долбоору парламенттин расмий сайтында жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.**

Демилгечинин айтымында, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын негизги ставкалары 1998-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча киргизилген жана андан бери өзгөргөн эмес. Учурда буудай данынын базар баасы республика боюнча орточо эсеп менен центнерине 3 миң сомду түзөт.

Ошондуктан, депутаттын тарабынан «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Эгерде долбоор кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.