> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк интервенция өткөрдү – $62 млн ашык сатылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/25/uluttuk-bank-intiervientsiia-otkordu-62-mln-ashyk-satyldy/
- Published: 2023-05-25T04:47:06.000Z
- Updated: 2023-05-25T04:47:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**24-майда Кыргызстандын Улуттук банкы валюталык интервенция жасап $62.2 млн сатты. Бул тууралуу КРУБнун расмий сайтында маалымдалды.**

Бул Улуттук банктын быйылкы тогузунчу интервенциясы болду кошумчалайбыз. Акыркы жолу КРУБ рынокко 19-апрелде чыгып, дээрлик $41 млн саткан, жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногунда $456.64 млн саткан.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегизи жалпысынан $486.5 млн чет элдик валютаны сатууга жана жети интервенцияга $190.7 млн сатып алууга багытталган.