> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү-майлоочу майлардын сөзсүз кымбаттайт - Нефтетрейдерлер ассоциациясы
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/25/untitled-90/
- Published: 2023-05-25T05:30:16.000Z
- Updated: 2023-05-25T05:30:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы этап-этабы менен сөзсүз түрдө болот. Бул тууралуу Economist.kg берген комментарийинде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов айтып берди.**

Анын айтымында, буга Россияда күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасынын өсүп жатканы себеп болууда.

> «Учурда биздин соодагерлерде белгилүү өлчөмдөгү запастар бар болгондуктан баалар аздыр-көптүр кармалып турат. Бирок бул көлөм түгөнгөндө сөзсүз түрдө баалар акырындап көтөрүлө баштайт», - деди Эшатов.

Ал кошумчалагандай, күйүүчү май компаниялары да баанын кескин көтөрүлүшүн тегиздөө саясатын карманууга аракет кылып жатышат. Кымбат көлөмдөр келгенде, орточо салмактанып алынган баа көрсөтүлөт, ошондуктан баанын өсүшү, адатта, акырындык менен болот.